Кыргыз-Өзбек университети Достук фестивалын откорду

16-майда Кыргыз-Өзбек университетинде Өзбекстандын 4 жогорку окуу жайынын спортчулары жана таланттары катышкан Достук фестивалы башталды. Фергана мамлекеттик университети, Наманган мамлекеттик университети, Андижан мамлекеттик университети жана Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунан келген конокторду окуу жайдын жамааты кубануу менен тосуп алышты. Фестиваль ачык деп жарыяланган соң спорттун стол тенниси жана волейбол түрү боюнча 5 окуу жайдын арасында мелдеш өттү. Оюнда жеңишке жетишкен командаларга, окутуучуларга, студенттерге эртең 17-майда КӨУнун маданий-эстетикалык комплексинде сыйлык тапшыруу аземи болот. Достукту бекемдөө максатында уюштурулган Достук фестивалы окуу жайлардын таланттарынын концерттик программасы менен жыйынтыкталат.