ЭИТУда килем токуу боюнча курс ачылды

2019 – жылдын башында ЭИТУда килем токуу боюнча курс ачылды. Буга тиешелүү баардык жабдыктар станок, түрдүү түстөгү жүндөр бар. Бул тууралуу ага – окутуучу Жумаматова Гүлмира төмөндөгүлөргө токтолду:

  • Жыл башында көпчүлүктүн суроолору менен килем токуу курсун ачтык. Буга чейин студенттерди  кийим тигүү, дизайн, сайма сайуу,  кыздардын себине берилүүчү жабдыктарды тигүү боюнча окутуп келсек, эми мындан ары килем токуу боюнча дагы практика жузүндө курс өтүлө баштайт. Эгерде окугандар өздөштүрүп алса, кийин буйрутма алып, токуса жакшы каражат табат. Учурда автоунаага салуучу килем токулуп жатат. Мында биз жүндөрдү эч кандай боёкко боёбойбуз, баардыгы натуралдуу.  Бир гана ЭИТУда окугандар эмес, тыштан  каалоочулар келип үйрөнсө болот. Токулуп жаткан килемдин бетине, унутулуп бара жаткан оймо-чиймелерди түшүрөлү деп жатабыз. Каалоочулар келиңиздер, окуңуздар.

Килем токуу - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Азыркы учурда Кыргызстандын Лейлек, Баткен, Кадамжай, Алай, Ноокат райондорунда килем токуу абдан жакшы өздөштүрүлгөн. Бир килемге 40 кг жакын жүн сарпталат. Колго токулган сапаттуу килемдер 100 жылга чейин кызмат кылат. Килем токууну толук кандуу үйрөнүүгө 1 ай убакыт сарпталат.