Студенттердин арасында өткөн Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын мыкты изилдөө боюнча конкурсу жыйынтыкталды

КР Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына  ылайык   “Ч. Айтматовдун чыгармачылыгын эң мыкты студенттик изилдөө боюнча улуттук конкурстун” жеңүүчүлөрүн куттуктоо аземи Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда өттү.

Аталган конкурс жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында жарыяланып, Улуттук конкурска кабыл алынган долбоорлорду экспертизадан өткөрүүнү Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору академик А.Акматалиев баш болгон курамы белгилүү илимпоздордон, эмгек стажы 10 жылдан кем эмес билим берүү жаатында эмгектенген мугалимдерден, ар кандай социалдык долбоорлордун өкүлдөрүнөн, сынактын уюштуруучуларынан турган Эксперттик комиссия жыйынтыктаган.

Биринчи эки байгелүү орунга “Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасынын болочок мугалимдердин калыптанышына тийгизген таасири” деген илимий иши үчүн Бекмурат кызы Гульзада (ОшМУ) жана “Ч.Айтматовдун Акбара жана энелик инстинкт” илимий иши үчүн Кубанычбек кызы Назгуль (КММА) ээ болушуп ар бири 45000 сом жана планшеттер менен сыйланышты.

Экинчи орунду жеңип алгандар:

  • “Ч. Айтматовдун чыгармаларында бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелеринин чагылдырылышын” изилдеген Алмамбет кызы Нуриза (Ысык-Көл мамлекеттик университети);
  • “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы балага болгон мамиленин чагылдырылышы” аттуу илимий иши үчүн Кадырбаева Гулкайыр (Бишкек гуманитардык университети);
  • “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы Ак-кеме повестиндеги диний ишенимдерди” изилдеген Туран уулу Жанузак (Ош мамлекеттик университетинин).

Экинчи орундун ээлери ар бири 30 000 сом жана бирден планшетке ээ болушту.

Үчүнчү орунду жеңип алгандар:

  •  “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы Тоолор кулаган романында адеп ахлак маселесинин иштелиши” аттуу илимий изденүүлөрү үчүн Маматали уулу Эмилбек (Кыргыз улуттук университети);
  •  “Проблема норкамании в романе Ч.Айтматова” - Тойчуев Максатбек (КММА);
  • “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы Экология проблемасынын орун алышы” -  Бахтияр уулу Талант (КМЮА).

Үчүнчү орундун жеңүүчүлөрүнө 22 500 сомдон сыйлык ыйгарылды.

Андан башка да 16 студентке кызыктыруучу сыйлык катары планшеттер, калган катышуучуларга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.