Долбоор жөнүндө

Долбоордун жөнүндө

Ачык Өкмөттү куруу долбоорунун алкагында “Жарандык катышуу” коомдук фонду тарабынан түзүлгөн university.edu.gov.kg сайтын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ишке киргизди. Бул сайт абитуриенттер үчүн жогорку окуу жайлар тууралуу маалымат алууда керектүү маалыматтар булагын камтыйт. Сайтта ЖОЖдор тууралуу негизги маалыматтар камтылып, абитуриенттер үчүн кесип тандоодо, ЖОЖдогу окуусун пландаштырууда керектүү инструмент болуусуна ишенебиз. Мисалы, сайтта ар бир ЖОЖдун студенттер үчүн эмне шарттар (китепкана, жатакана, студенттик ашкана, спорт залдар, спорттук аянтчалар, медициналык көмөк, компьютердик борборлор, кабыл алуунун шарттары ж.б) каралгандыгын даана көрө алат. university.edu.gov.kg, Кыргызстандагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ЖОЖдордун негизги маалыматтарын камтыган борборлоштурулган сайты болот.

Сайт кантип иштейт?

Сайтта ЖОЖдор жайгашкан региондоруна (облустарга, шаарларга) жараша бөлүнгөн. Сизди кызыктырган ЖОЖду тандасаңыз, ЖОЖдун өзүнүн баракчасы ачылат. Ал жерден ЖОЖдогу факультеттер, даярдалуучу адистиктер, студенттер үчүн каралган шарттар, статистикалык маалыматтар ж.б маалыматтар камтылган. Абитуриентте ЖОЖ тууралуу визуалдуу элестетүү болуусу үчүн, ар бир ЖОЖ тууралуу фотогалерея жана видео материалдар жайгаштырылды. Абитуриент ЖОЖдордогу түзүлгөн шарттарды салыштыруу менен бирге ар бир ЖОЖдун өздүк баракчасында жайгаштырылган байланыш маалыматтарын, сайт аркылуу ЖОЖдун жооптуу адисине кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алат.

Мындан тышкары, ЖОЖ өзүндө болуп жаткан иш-чараларды, жаңылыктарды сайттын негизги барагына чыгара алат.