К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети

Бишкек

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

4435

Чет-мамлекеттик студенттер

90

Кызматкерлердин саны

544

Жатаканадагы орундар

460

Бюджеттик орундар

998

Келишимдин орточо наркы

35000

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

100

Университет тууралуу

Университеттин  түптөлүү башаты өткөн жүз жылдыктын  30-жылдарына, Кыргызстандын алгачкы  мезгилине туура келет.  Ошол жылдардагы  толкундуу саясий  окуяларга карабастан, Жусуп Абдрахманов тарабынан  айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана калыптанышына чоң маани берилген. Жаш республика үчүн анда абдан эле оор болгон.  Айыл чарба малдарынын саны кескин кыскарып,    дыйкан чарбаларынын өзүнүн керектөөлөрүн араң камсыз кыла алган.  Мындай кырдаалда айыл чарба өндүрүшүнө байланышкан, илимге негизделген комплекстүү милдеттерди чечүүнүн зарылдыгы пайда болгон.  Билимдүү адистерге муктаждык жаралган. Бул  жогорку билимдүү адистерди даярдоо үчүн, ветеринардык институтту уюштурууга  негиз болгон.

Кыргыз АССРинин жер боюнча элдик комитетинин кеңешинин «Зооветеринардык институтун түзүү жөнүндө» 1931-жылдын 30-январында   токтом чыккан.   Бул токтом 1933-жылдын 30-январында ишке ашырылган жана зооветеринардык  институттун түзүлгөн күнү болуп эсептелет.  Адегенде 53 студент кабыл алынган.   

Айыл чарбасын мындан ары өнүктүрүү, өзгөчө, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгын тез арада талааларда жана фермаларда өнүмдүүлүгүн жогорулатууну талап кылган, ал маселелерди окумуштуу агрономдор гана чече алмак. Тоют өндүрүү боюнча агроном адистерди даярдоо үчүн, 1938-жылы агрономиялык факультет ачылган, ушул эле жылы зооветеринардык институт Кыргыз айыл чарба институту деп аталган.

Институт билим берүү, илимий окуу жайы катары өнүккөн жана өркүндөгөн. Республикада эл чарбасын үзгүлтүксүз өнүктүрүү жаңы адистерди: инженер гидромелиораторлорду, айыл чарбасынын механизаторлорун даярдоону талап кылган. Ушуга байланыштуу, 1949-жылы гидромелиоративдик факультет ачылган, 1952-жылы айыл чарбасын механизациялаштыруу факультети түзүлгөн.

Агроөнөржай комплексин интенсивдүү өнүктүрүү, айыл чарбасын натыйжалуу  өстүрүүнүн экономикалык жолдорун, мамилелерин чечүүнү шарттады. Ошентип, айыл чарба өндүрүшүндө экономисттерди даярдоо зарылдыгы жаралып, 1970-жылы ачылган экономикалык факультет, бүтүрүүчүлөрүн чыгара баштады. Азыркы күндө экономика жана маалыматтык системалар факультети университетте эң ири жана агрардык сектордун экономикасы үчүн экономисттерди, менеджер-маркетологдорду, аудиторлорду, финансистерди, бухгалтерлерди  даярдап келет.

85 жылдын  ичинде университет сыймыктуу жолду басып өттү. Агроөнөржай комплекси үчүн 60 миңден ашуун жогорку квалификациялуу адистер даярдалды. Алардын катарында    дүйнөгө аты чыккан Эл жазуучусу, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, академик, зоотехния факультетинин 1953-жылкы бүтүрүүчүсү Ч.Айтматов бар. Андан сырткары, Эмгектин үч жолку баатыры Т.Акматовду да кошууга болот. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү бар, көпчүлүгү министр болушкан, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп келишүүдө. Алар агроөнөржай комплексин калыптандыруу жана өнүктүрүүгө олуттуу салымдарын, жетекчилик кызматтарда иштеп жаткан мезгилдеринде кошушкан. Биз бүтүрүүчүлөрүбүз  менен сыймыктанабыз. Алар:

Темирбек Кошоев – Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы (1981-1987-жж.), агрономия факультетинин бүтүрүүчүсү;

Арстанбек Дүйшеев – Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин төрагасы (1979-1981-жж.), ветеринария факультетинин бүтүрүүчүсү;

Асылбек Жээнбеков – КР Жогорку Кеңешинин төрагасы (2011-2016-жж.), агрономия факультетинин бүтүрүүчүсү.

Эң негизгиси, Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович,  биздин окуу жайдын зооинженердик факультетинин  бүтүрүүчүсү экендигинин  өзү, баарыбыз үчүн зор сыймык.    

КР  Улуттук илимдер академиясынын академиктери жана корреспондент–мүчөлөрү: Ильяс Ботбаев, Жамин Акималиев, Асангалый Орузбаев, Жумакан Лайлиев, КР Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги  Абдулхай Алдашев ж.б. көптөгөн окумуштуулар бар.

Зооветеринардык институт, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институту, Кыргыз агрардык академиясы, К.И.Скрябин атындагы агрардык университет, азыркы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети агрардык багыттагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо зор салым кошуп келүүдө.

Улуу Ата Мекендик согуштун башында СССРдин Илимдер академиясынын биология бөлүмү бардык институттары менен Фрунзе шаарына көчүрүлүп келиши, республикада айыл чарба илимин өнүктүрүүгө эбегейсиз  салым кошкон.  Республиканын илимий ой жүгүртүү борбору болгон СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалын уюштурууда, ошол кездеги Эл комиссарлар кеңешинин башчысы Т.Кулатовдун зор салымы бар. Бул тууралуу «Кыргыз улутунун мамлекеттүүлүгүнүн башатында»  аттуу  Т.Койчуев, В.Плоских, Т.Усубалиев ж.б. жазган китепте эң сонун чагылдырылган.

1945-жылдан  баштап, университет ири окумуштуу, академик, СССРдин Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, 1943-1952-жылдары СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалын жетектеп келген Константин Иванович Скрябиндин ысмын алып жүрөт.

Зооветеринардык институттун биринчи директору болуп, 1933-жылы доцент С.В. Тасбулатов дайындалган жана анын жетекчилиги менен институт уюшулган.

1944-жылдан баштап, институттун директору Михаил Лущихин дайындалган, ал  жогорку окуу жайын 10 жыл жетектеген.

Айыл чарба институтунун биринчи ректору болуп, 1953-жылы зоотехния факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Жүзүмкул Худайбергенов дайындалган. Ал башкы окуу  имаратынын курулушуна чоң салымын кошкон.  

1962-жылы институтту профессор Эркин Арабаев жетектеген. Ал экономикалык факультетти жана бир нече жаңы адистиктерди ачкан.

1979-1987-жж. профессор Жамин Акималиев – агрономиялык факультеттин бүтүрүүчүсү институтка жетекчилик кылган.

1987-жылдан баштап Валерий Мамонтов – айыл чарбасын механизациялаштыруу факультетинин бүтүрүүчүсү, ректор болуп иштеген. Ал институттун материалдык-техникалык базасын жана тажрыйба жүргүзүү чарбасын бекемдөөгө зор салымын кошкон.  

1989-жылы зоотехния факультетинин бүтүрүүчүсү Кыргызбай Алагушев ректорлукка шайланган.

1996-жылы айыл чарба институту Агрардык академия болуп кайра түзүлгөн жана академик Жамин Акималиев окуу жайды экинчи ирет жетектөөгө алган.  

2001-жылы  Агрардык академия К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети болуп кайра түзүлгөн, ректору профессор Батырали Сыдыков болгон.

2008-2010-жылдары Агрардык университеттин ректору Турсунбай Кубатбеков болгон.

2009-жылы Агрардык университетке «Улуттук» статусу берилген.

2010-жылдан бери  университетти КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,  ветеринария илимдеринин доктору, профессор Рысбек Нургазиев   жетектеп келе жатат.

Бүгүнкү күндө университет республиканын тагдырын чечүүчү беш жогорку окуу жайлардын бирине кирет. Ал республиканын агрардык секторуна  жогорку   квалификациялуу   адистерди даярдап, чыгарып келет.

Азыркы мезгилде университеттин курамында 6 факультет (агрономия жана токой чарба факультети, инженердик-техникалык факультети, гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу  факультети, ветеринардык медицина жана биотехнология факультети, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы  факультети, экономика жана маалыматтык системалар факультети),  Эл аралык кызматташуу жана аралыктан билим берүү институту, 31 кафедра, 4 колледж (Техника-экономикалык колледж, Агротехникалык колледж, Токмок агроөнөржай колледжи, С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи), Сокулук районундагы окуу-тажрыйба чарбасы, Билим берүү, илим жана инновациялык борбору, 4 илимий-изилдөө институттары (Дыйканчылык, Ветеринардык, Ирригация, Мал чарбачылыгы жана жайыт илим-изилдөө институттары) кирет.

Университетте  5 миңден ашуун студент   31 адистик, 22 багыты кредиттик технология менен, 14 магистратура жана аралыктан (дистанттык) окутуу багыттары боюнча окушат. Окуу процессине 300 штаттагы профессор-окутуучулар курамы, анын ичинде 40 илимдин докторлору жана 140 илимдин кандидаттары бар

Артыкчылыктар

  • Жатакана
  • Автоунааны оңдоону үйрөтүү борбору
  • Суу музеи
  • Спортзал
  • Бокс залы
  • Көчмөндөр маданият музеи
  • Студенттик ашкана
  • Фитнес-зал
  • Образовательный научно-инновационный центр
  • Стадион
  • Тестирлөө борбору
  • Клиника
  • Медпункт
  • Китепкана
  • Культурно-образовательные центры
  • Стоматология илимий клиникалык базасы
  • Акы төлөнгөн стажировка программасы
  • Электрондук китепкана
  • Полные стипендии и гранты
  • Дистанттык окутуу жана кайра даярдоо борбору
  • Ноутбук (компьютер)
  • Футбол талаасы
  • Спорт борбору
  • Чет тилдерин окутуу борбору
  • Машыгуу залы
  • Бокс залы
  • Жайкы волейбол аянтчасы
  • Күрөш зал
  • Учебно-коллекционный питомник
  • Фитнес-зал
  • Жыйындар залы
  • Шахмат, тогуз коргоол кабинети
  • ШКУ университетинин кызматташтык борбору
  • Сейил бак
  • Центр Биокультурного Разнообразия

Дареги

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети Бишкек

Социалдык тармактар