И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Бишкек

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

6948

Чет-мамлекеттик студенттер

1762

Кызматкерлердин саны

1785

Жатаканадагы орундар

2105

Бюджеттик орундар

1932

Келишимдин орточо наркы

47000

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

168

Университет тууралуу

Кыргызстан тарыхындагы алгачкы жогорку медициналык окуу жай 

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы - Кыргыз Республикасынын жетектөөчү медициналык билим берүү мекемеси болуп саналат. Республиканын бардык медициналык кадрларынын билим уясы катары таанымал болгон академия 80 жылдык тарыхка ээ. КММАнын бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында, медициналык илимий изилдөө борборлорунда жана медициналык билим берүү мекемелеринде эмгектенип жатышат. КММА түзүлгөндөн бери 40 миңден ашуун дарыгерлерди жана фармацевтерди даярдап чыгарды.

Тарыхынан:       

         1939-жылдын 16-апрелинде Кыргыз ССРинин Элдик Комиссарлар кеңеши “1939-жылдын 1-сентябрында  Фрунзе шаарында  Кыргыз мамлекеттик медициналык институтту ачуу” жөнүндөгү токтом кабыл алган.

  • 1943-жылы медициналык институтту 120 студент бүтүрүп, жалпысынан ошол жылы 250 дарыгер чыгарылган.
  • Структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу 1996-жылкы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен институт Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына реорганизацияланган. 
  • 2008-жылдын 25-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына И.К. Ахунбаевдин ысымы ыйгарылган. 

КММАда төмөнкү билимдерди алууга болот:

  • медициналык жана фармацевтикалык  кадрларды даярдоонун 8 багыты  боюнча жогорку кесиптик билим берүү;
  • 106 адистик боюнча ординатура;
  • медициналык адистик жана педагогика боюнча жождон кийинки үзгүлтүксүз билим берүү;
  • медициналык массаж боюнча орто кесиптик билим берүү;
  • жалпы орто билим берүү;

Азыркы учурда КММАда 6 КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, 6 КРнын  корреспондент-мүчөсү, 7 КРнын УИАнын академиги, 16 КРнын эмгек сиңирген дарыгери иштеп жатат. Алардын ичинен 2 академикке “Эл баатыры” ардактуу наамы ыйгарылган.

КММА Эл аралык Университеттердин Ассоциациясынын мүчөсү, 2014-жылдан бери   Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын Ассоциациясынын мүчөсү, Табигый кырсыктардан коомдук саламаттыкты сактоо багыты боюнча Эразмус Мундус  магистрдик программасынын коомдошкон мүчөсү, 2013-жылдан бери Евросоюздук Клиникалык фармакология жана терапия Ассоциациясынын (European Association of Clinical Pharmacology and Therapeutics), 2016-жылдан бери КРдагы Медициналык билим берүү Ассоциациясынын, 2014-жылдан бери Эл аралык Эпилепсияга каршы лигасынын (International Ligae Against Epilepsy), 2017-жылдан бери  Овьедо университетинин (University of Ovedo, Spain) Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар боюнча Илимий изилдөө группасынын, 2015-жылдан бери Евросоюздун Европалык Неврологдор академиясынын (European Academy of Neurology), 2014-жылдан бери Хайфа университетинин (Израил) Биоэтика жана ЮНЕСКО кафедрасынын биоэтика  боюнча бөлүмдөрү Эл аралык тармагынын, 2017-жылдан бери Баш ооруларын окуп үйрөнүү боюнча Эл аралык коомдун (International Headache Society), Евросоюздун Европалык Урологдор Ассоциациясынын, Москвадагы Россиялык Балдар хирургдары Ассоциациясынын, 2015-жылдан бери “Бир алкак, бир жол” Университеттердин Стратегиялык альянсынын  (Ганьсу, Кытай) мүчөсү болуп саналат.

Бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө, АКШда, Израилде, Германияда, Турцияда, Белгияда, Голландияда, Австарлияда, Кытайда, Англияда, Иракта, Пакистанда, Индияда, Непалда, Сирияда, Кореяда, Афганистанда, Иорданияда, Грецияда, Мароккодо, Суданда ж.б. өлкөлөрдө эмгектенишет.

Артыкчылыктар

  • Жатакана
  • Спортзал
  • Студенттик ашкана
  • Китепкана
  • Стоматология илимий клиникалык базасы
  • Окутуу-дарылоо-илимий медициналык борбору
  • Электрондук китепкана
  • Дистанттык окутуу жана кайра даярдоо борбору
  • Футбол талаасы
  • Чет тилдерин окутуу борбору
  • Клиникалык базалар
  • Фитнес-зал

Дареги

И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Бишкек

Социалдык тармактар