Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети

Бишкек

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

6220

Чет-мамлекеттик студенттер

56

Кызматкерлердин саны

350

Келишимдин орточо наркы

42900

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

139

Университет тууралуу

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы - аралыктан окутуу технологияларынын пайдаланып студенттерге күндүзгү жана сырттан окутуу үлгүлөрүндө билим берген, жана ошону менен катар юриспруденция менен башка билим тармактарындагы маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү ийгиликтүү жүзүгө ашырып жаткан, адистештирилген илимий инновациялык билим берүү комплекси болуп эсептелинет. КМЮАда жогорку кесиптик билим берүү көп деңгээлдүү система менен ишке ашырылат. Адистерди даярдоо билим берүүнүн үч базалык траекториясы боюнча жүргүзүлөт:

• бакалавр жана адистик программалары;

• магистратура программалары.

Академиянын башкы корпусунда «Курманжан Датка», «Ч. Айтматов», «Манас», Диссертациялык кеңеш» кабинеттерди, «Чоң конференция» залы, «К. Курманов атындагы музей-кабинет», «Конфуций классы», «Соттук отурум залы», «Кыргыз Республикасындагы юридикалык билимди өркүндөтүү галереясы», «Академик С. Сартаев атындагы кабинет» сыяктуу заманбап үлгүдөгү технологиялар, жабдуулар, материалдар жана эмеректер менен жасалганган кабинеттер бар. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы эки тараптуу, көп тараптуу жана узак мөөнөттүү эл аралык долбоорлордун алкагында иш алып баруу менен, эл аралык мамилерди активдүү өнүктүрүүдө. Россия, Кытай, Казахстан, АКШ, Азербайджан, Германия, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен кызматташтык жөнгө салынып, келишимдер кабыл алынан. Академия Улуу хартияга 2011- жылы Болонья шаарында кол койгон. Андагы маанилүү багыт болуп USAID менен кызматташуу эсептелинет. Академия, «Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү укук жана сот реформаларын колдоо» программасынын негизинде Эл аралык кызматташуу боюнча Германиянын GIZ коому, Американын юристтер ассоциациясы, «Сорос» фондусу менен ийгиликтүү жана натыйжалуу кызматташып келет. 2013-жылдан бери «Орто Азиянын ЖОЖдорундагы E-learning сапатындагыменеджмент системасын иштеп чыгуу жана киргизүү» боюнча «Темпус» долбоорунун ишке ашырып келет. КМЮА түздүлгөндөн бери окуу процессин уюштуруу жана эс алуу убактыларын өткөрүүгө жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү багытында эбегейсиз зор иштер аткарылды. Имараттын маңдайы толугу менен жаңыртылып, корпуска жана айланасын курчаган аянттын бардыгына толугу менен светодиоддук жарык берүү, өрттөн коргоочу айгай (сигнализация), видеокөзөмөлдөр орнотулган. 2005-жылы КМЮАга Көк-Жар айылындагы имарат берилип, анын администрациялык имаратына капиталдык оңдоп-түзөтүү иштери жасалган. Аудиториялары жаңы эмерек жана жабдуулар менен жасалганган. Имаратта ашкана, мышыгуучу зал, Г. Гросс атындагы криминалисттик полигону, заманбап үлгүдөгү окуу залы менен китепкана, диссертациялык кеңеш залдары ачылган.

Артыкчылыктар

  • Спортзал
  • Студенттик ашкана
  • Стадион
  • Клиника
  • Китепкана
  • Электрондук китепкана
  • Дистанттык окутуу жана кайра даярдоо борбору
  • Чет тилдерин окутуу борбору
  • Клиникалык базалар
  • Криминалистикалык полигон
  • Фитнес-зал
  • Шахмат, тогуз коргоол кабинети
  • Карьера борбору
  • Ден соолукту чындоо лагери (Ысык-Көл)
  • Заманбап инфраструктура

Дареги

Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети Бишкек

Социалдык тармактар