Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы академиясы

Бишкек

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

-

Чет-мамлекеттик студенттер

-

Кызматкерлердин саны

-

Жатаканадагы орундар

-

Бюджеттик орундар

130

Келишимдин орточо наркы

26400

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

110

Университет тууралуу

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык толук жогорку юридикалык билим берүү программасы боюнча укук коргоо органдары үчүн жогорку квалификациялу адистери даярдайт. Окутуу күндүзгү окутуу формасы боюнча (бюджеттик жана келишимдик негизинде) жүргүзүлөт. Окутуунун күндүзгү формасы боюнча бюджеттик негизде төмөнкү багыттар боюнча кабыл алууну жүргүзөт:

"Укук коргоо ишмердүүлүгү" - окуу мөөнөтү 4 жыл (бакалавр);

Күндүзгү окутуу формасы боюнча келишимдик негизинде "Юриспруденция" багыты боюнча - окуунун мөөнөтү 4 жыл (бакалавр).

ИИМдин Академиясына кабыл алуу, бюджеттик негизде окутууга Жалпы республикалык тестерлөөнүн жыйынтыктары жана дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруусу талап кылынат. Ал эми келишимдик негизде жалпы республикалык тестерлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Абитуриенттер өздүк документтерин даярдоо жана ИИМдин Академиясына тапшыруу үчүн катталган жери боюнча милициянын райондук, облостук ИИОго кайрылышы зарыл.

 

ОКУУГА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕР:

1. Арыз;

2. Автобиография 2 даана: -кол жазма менен жазылган (1 даана), - компьютерде басылган (1 даана);

3. Анкета;

4. Өмүр баян рефераты;

5. Окуган жеринен мүнөздөмөсү;

6. Кошуналардыын пикирлери - 3 даана;

7. Аттестат;

8. Паспорттун көчөрмөсү;

9. Туулгандыгы тууралуу күбөлөктүн көчөрмөсү;

10. Жашаган жеринен берилген справка;

11. МАЫӨдөн, КМКнын справкасы;

12. Фото 9х12 (1 даана), 3х4 (4 даана);

13. Аскер-врачтык комиссиясынын корутундусу (келишимдик негизде окуу формасы үчүн № 086 формасындагы справка).

Артыкчылыктар

  • Жатакана
  • Автоунааны оңдоону үйрөтүү борбору
  • Спортзал
  • Фитнес-зал
  • Студенттик ашкана
  • Тир
  • Стадион
  • Китепкана
  • Электрондук китепкана
  • Дистанттык окутуу жана кайра даярдоо борбору
  • Футбол талаасы
  • Чет тилдерин окутуу борбору
  • Бокс залы
  • Күрөш зал
  • Криминалистикалык полигон
  • Шахмат, тогуз коргоол кабинети
  • Спортивный городок с полосой препятствий
  • Сейил бак
  • Плац

Дареги

Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы академиясы Бишкек

Социалдык тармактар