Ош мамлекеттик юридикалык институту

Ош

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

3813

Чет-мамлекеттик студенттер

60

Кызматкерлердин саны

194

Жатаканадагы орундар

100

Келишимдин орточо наркы

28000

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

130

Университет тууралуу

Ош мамлекеттик юридикалык институту жөнүндө жалпы маалымат

Ош мамлекеттик юридикалык институту  (ОшМЮИ) жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүү программаларын жайылтуучу мамлекеттик билим берүү мекемеси катары түштүк региондун социалдык-экономикалык, географиялык абалынан жана юридикалык кадрларды сапаттуу даярдоо зарылдыгынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин 2006-жылдын 26-сентябрындагы №601/1 буйругунун негизинде түзүлгөн.

Статусу: Мамлекеттик жогорку окуу жайы. ОшМЮИнин статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-январындагы «Ош мамлекеттик юридикалык институтун өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» №22 Токтому менен бекитилген.

Юридикалык адреси: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Салиева көчөсү 40В.

Учурда ОшМЮИ Кыргызстандын түштүгүндөгү адистешкен юридикалык жогорку окуу жай. Кыргыз Республикасынын Билим      берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиялардын негизинде:

  • «Юриспруденция», бакалавр академиялык даражасы               (№LD170001024, тиркеме 1,2);
  • «Юриспруденция», магистр академиялык даражасы                 (№LD150000066);
  • «Соттук экспертиза»   (№ LD170001024, тиркеме 3);
  • «Бажы иши»  (№ LD170001024, тиркеме 4,5);
  • «Укук таануу» (№ LC160000059)

багыттары жана адистиктери боюнча күндүзгү,   дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формаларында адистерди даярдайт.  

ОшМЮИ  2017 – жылы көз карандысыз Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү. Ал ОшМЮИдеги билим берүүнүн сапаты аныкталган критерияларга жана стандарттарга толук жооп берерин тастыктады жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө түздү.

Материалдык-техникалык базасы

ОшМЮИ мезгил талабына жооп берген  3 окуу имараттан турат. Заманбап каражаттар менен жабдылган мультимедиалык окуу аудиториялары, лабораториялары, криминалистика полигону, сот залы, криминалистика кабинеттери,  1 жабык спорттук зал жана 2 ачык спорттук аянты институттун өзгөчөлүгүнө дал келет.

ОшМЮИ студенттерди бардык шарттарга жооп берген жатакана менен камсыз кылат.                      

Окуу жайда «Кут ордо»  мамлекеттик тил, «Медиа», «Кытай укугу» борборлору өз ишин жигердүү жүргүзүүдө. ОшМЮИнин алдында түзүлгөн  юридикалык клиникада студенттер практикалык билимдерин жогорулатып, тажрыйбалуу юристердин жетекчилиги менен калкка акысыз укуктук жардам берүү иштерин  үзүрлүү жүргүзүүдө.

Студенттик жашоо

                        ОшМЮИде ар түрдүү маданий, коомдук жана тарбиялык иш чаралар тынымсыз өткөрүлөт. Студенттердин өз алдынча башкаруу уюму – Жаштар комитети иштейт. Студент жаштардын ар тараптуу калыптануусу үчүн атайын түзүлгөн борборлор, дискуссиялык клубдар жана ден-соолукту чындоо максатында спорттун түрлөрү боюнча машыгуу залдары иш алып барат.

ОшМЮИнин студенттери окууда, коомдук-массалык иш-чараларда, спорттук мелдештерде алдыңкы жетишкендиктерди багындырып, ОшМЮИде билим алуу терең жана ар тараптуу экендигин далилдешти. Атап айтсак,  2017-2018 жана 2018-2019-окуу жылдарныда аймактык студенттик олимпиадада «Юриспруденция» боюнча 1,2,3 - орундарды ОшМЮИнин студенттери ээлешти. 2018-жылдагы Азия оюндарында ОшМЮИнин студенти Багынбай уулу Төрөкан джу-джутси боюнча чемпион болуп, алгачкы алтын медалды Кыргызстандын капчыгына салды.

Эл аралык билим берүү кызматташтыгы

ОшМЮНин алдыңкы студенттери Кытай элдик республикасында (Ланджо университети, Хекси университети), Казахстанда (Казак эмгек, социалдык башкаруу академиясында), Россия Федерациясында (Урал мамлекеттик юридикалык университети, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университеттеринде) тажрыйба алмашуудан өтүшөт.

ОшМЮИнин бүтүрүүчүлөрү иштөөчү тармактар

«Юриспруденция» багыты боюнча бүтүрүүчүлөр сот, прокуратура, ички иштер органдарында, улуттук коопсуздук органдарында, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматында, ж.б. укук коргоо органдарында, мамлекеттик органдарда, адвокатура, нотариаттарда, банктардын, жеке ишканалардын, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын юридикалык кызматтарында, о.э. ЖОЖдордо иштей алышат.

“Соттук экспертиза” адистигинин бүтүрүүчүлөрү эксперттик, техникалык - криминалистик, маалыматтык, уюштуруу-башкаруу, илимий-изилдөө багыттары боюнча укук коргоо органдарында жана жеке уюмдарда иш алып барышат.

“Бажы иши” адистигинин бүтүрүүчүлөрү бажы органдарынды, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматында, салык органдарында, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде, ички иштер органдарында, чек ара кызматтарында, тышкы соода ишмердиги менен иш жүргүзгөн ишканаларда, бажы чөйрөсүндө ишкердик менен иш алып барган уюмдарда иштей алышат.

Юридикалык колледждин бүтүрүүчүлөрүнө «Укук таануу» адистигиндеги диплом берилет. Алар андан ары адистештирилген факультеттердин биринде окууну 2, 3-курстан улантууга же юридикалык мекемелерде ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Артыкчылыктар

  • Жатакана
  • Карьера, практика жана маркетинг борбору
  • Спортзал
  • Медпункт
  • Студенттик ашкана
  • Стадион
  • Клиника
  • Китепкана
  • Электрондук китепкана
  • Дистанттык окутуу жана кайра даярдоо борбору
  • Футбол талаасы
  • Криминалистикалык полигон
  • Фитнес-зал
  • Шахмат, тогуз коргоол кабинети
  • Плац
  • Карьера борбору
  • Тестирлөө борбору
  • Маданий жана билим берүү борбору

Дареги