Жалал-Абад мамлекеттик университети

Жалал-Абад

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

12200дөн ашуун

Чет-мамлекеттик студенттер

1500 дөн ашуун

Кызматкерлердин саны

565

Жатаканадагы орундар

650

Бюджеттик орундар

950

Келишимдин орточо наркы

26360

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

110

Университет тууралуу

Жалал-Абад мамлекеттик университетин уюштуруу боюнча коомчулуктун демилгесин биринчилерден болуп колдоого алышкан жана бул маселени КР нын өкмөтүнө, Президентине чейин жеткирүүдө Жалал-Абад областынын мамлекеттик акимдигинин башчысы Абдыжапар Абдыкаарович Тагаев, Жалал-Абад областык кеңешинин төрагасы Тойгон Закирович Калматов чоң эмгек жасашкан. Жалал-Абад областык мамлекеттик акимдигинин, областык кеңештин кайрылуулары Билим берүү министрлиги Илим жана жаңы технологиялар комитетинин колдоосунун натыйжасында Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө 2-апрель 1993-жылы КРнын Президентинин Указы жарыяланган.

Жалал –Абад университетинин ачылышына байланышкан областын коомчулугу катышкан салтанат Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн. Салтанатка областын райондорунун жана шаарларынын акимдери, эл депутаттарынын райондук жана шаардык Кеңештеринин төрагалары, ишканалар менен мекеменин жетекчилери,элге билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары орто жана атайын окуу жайлардын директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары катышышкан. Салтанатты кириш сөз менен Жалал –Абад областынын мамлекеттик акимдигинин башчысы Абдыжапар Тагаев ачып, сөз КР нын Вице-Премьер Министри Абдыганы Эркебаевке берилген. Ал сөзүндө азыркы экономикалык кризистен чыгуу адистерге байланыштуу экендигин белгилеп, ошондой эле Жалал-Абад областында кадрларды даярдоо үчүн жогорку окуу жайын ачуу боюнча эмгекчилер жана областын акимчилиги тарабынан келип түшкөн, суроо талаптарды эске алып, КРнын Президенти А.Акаев Жалал-Абад шаарында мамлекеттик университети жана коммерциалык институтту түзүү боюнча Указ кабыл алынганын билдирген жана ал Указдарды окуп берген. Андан ары А.Эркебаев областта жаңыдан түзүлгөн бул жогорку эки окуу жайы областын тарыхындагы эң маанилүү окуялардан болуп кала тургандыгын белгилеген. Жалал –Абад шаарында мамлекеттик университеттин жана коммерциялык институттун ачылышына байланыштуу өткөрүлгөн салтанатта Жалал –Абад областтык депутаттар Кеңешинин төрагасы Т.З.Калматов, областтык элге билим берүү башкармасынын начальниги Кутманова, Жалал-Абад шаардык акимдиктин башчысы, Кыргыз эл депутаты К.Исманов, Жалал-Абаддагы зооветеринардык техникумдун директору М.Бабакулов, Ош областынын мамлекеттик акимдигинин башчысынын орун басары Б.Нурумбетов, Сузак районунун акими Ж.Текенов, Ош мамлекеттик университетинин ректору Б.Бешимов, областтык коммерциалык бирикменин төрагасы И.Исматтилаев, Жалал-Абад шаарындагы соода техникумунун директору А.Ташбаев, областтык керек –жарак башкармасынын төрагасынын орун басары К.Субанов, эл депутаттарынын Базар-Коргон райондук Кеңешинин төрагасы М.Юсупов, областык жумушчу кадрларды даярдоо башкармасынын төрагасы Т.Тургунбаев, областык кесиптер кошунунун төрагасы Э.Осмонов чыгып сөз сүйлөшкөн. Жалал-Абад областында жогорку окуу жайлардын ачылышы тарыхый зор окуялардан экендигин жана бул демилгени турмушка ашырууда өздөрүнүн салымдарын кошо тургандыктарын билдиришкен. Ошондой эле КРнын Президентине, Жогорку Кеңешке, Кыргыз өкмөтүнө жана бул маселелерге астейдил көңүл бургандыктары үчүн республиканын Вице –Премьер Министри А. Эркебаевке, Жалал –Абад областынын мамлекеттик акимдигинин башчысы А.Тагаевге, областтык Кеңештин төрагасы Т.Калматовго өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын айтып кетишкен.

Бүгүнкү ЖАМУ – бул 12200 дөн ашуун студенттер окуган 2 институт, 6 факультеттеги 36 кафедраларды, 6 колледжди камтыган, 3 жогорку адистик, 23 жогорку бакалавр даражасы жана 32 орто кесиптик билим берүү программасы боюнча адистерди даярдап, мамлекеттик буйрутмаларды, тапшырмаларды аткарып жаткан 565 кишиден турган профессордук-окутуучулук курам, анын ичинен 24 илимдин доктору, профессорлор, 100 дөн ашуун илимдин кандидаттары, доценттер, 2 КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары, эмгек синирген кызматкерлери бар, кадыр-барктуу окумуштуулар, пикирлеш-санаалаштар эмгектенген чоң жамаат.

Учурда ЖАМУда 10дон ашуун мамлекеттен келген 1500ге ашуун чет өлкөлүк студенттер билим алып жатышат.

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин факультеттери

Факультеттердин аталышы

1

Педагогика жана маалымат технологиялар факультети

2

Филология факультети

3

Табигый - техникалык факультети

4

Экономикалык-юридикалык факультети

5

Медициналык факультети

6

Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультети 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы

Үзгүлтүксүз билим берүү институту

1

Үзгүлтүксүз билим берүү институту

2

Конфуций институту

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы колледждер

 

Колледждердин аталышы

1

Жалал-Абад колледжи

2

Медициналык колледжи

3

Аксы колледжи

4

Кара-Көл колледжи

5

Кочкор –Ата колледжи

6

Майлуу-Суу колледжи

Артыкчылыктар

  • Жатакана
  • Спортзал
  • Студенттик ашкана
  • Стадион
  • Китепкана
  • Электрондук китепкана
  • Дистанттык окутуу жана кайра даярдоо борбору
  • Футбол талаасы
  • Тестирлөө борбору
  • Эл аралык билим берүү борбору
  • Медпункт
  • Культурно-образовательные центры
  • Жайкы волейбол аянтчасы
  • Жыйындар залы

Дареги

Жалал-Абад мамлекеттик университети Жалал-Абад