"Ала-Тоо" эл аралык университети

Бишкек

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

2650

Чет-мамлекеттик студенттер

182

Кызматкерлердин саны

210

Жатаканадагы орундар

-

Бюджеттик орундар

50

Келишимдин орточо наркы

1500

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

160

Университет тууралуу

“Ала-Тоо” Эл аралык университети (АЭУ) 1996-жылы ачылган. Университет Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан. Биздин университет 5 блоктон турат. Ар бириндеги аудитория менен  лабараториялар интернет жана заманбап интерактивдүү доскалар менен камсыздалган. Биздин шаарча билим борбору болгон китепкана, конференция залы, 3 стадион, 1 теннистик жай, 1 спорттук зал, 6 компьютердик класс, 1 интернет клуб, 1 илим-изилдөө борбору, 2 буффет, 1 медициналык борбордон түзүлгөн.

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде 4 факультет, 3 институт жана 16 кафедра бар.

Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт.Университетибизде 20 дан ашуун өлкодөн келген студенттерибиз бар.“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин кадрдык составы Кыргызстан, Түркия, АКШ, Кытай, Индия жана башка өлкөлөрдүн жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу жаш жана активдүү мугалимдери. Окуу жайыбызда бакалавр, магистратура жана аспирантура программалары өз ара көп маданияттуу, демократиялуу жагдайда жүргузүлөт. Биздин университет Европа, Кытай, Америка, Түркия, Кипр өлкөлөрүндөгү университеттер менен эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып барат.

Окутуучулук профессордук курам жана студенттер үчүн өз ара макулдашуунун негизинде “Эрасмус” программасы иш алып барат. Мындай программалар окутуучулар жана студенттер үчүн 1-2-семестрге окууну улантуу жана тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.

Артыкчылыктар

  • Спортзал
  • Студенттик ашкана
  • Китепкана
  • Электрондук китепкана
  • Дистанттык окутуу жана кайра даярдоо борбору
  • Футбол талаасы
  • Чет тилдерин окутуу борбору
  • Күрөш зал
  • Шахмат, тогуз коргоол кабинети
  • Карьера борбору

Дареги

"Ала-Тоо" эл аралык университети Бишкек

Социалдык тармактар