К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети

Жалал-Абад

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

4731

Чет-мамлекеттик студенттер

130

Кызматкерлердин саны

295

Жатаканадагы орундар

400

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

110

Университет тууралуу

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (ЭАУ) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 1-апрелиндеги №VII-100 «Жалал-Абад шаарында Кыргыз керек-жарак коомдор биримдигинин Коммерциялык институтун түзүү жөнүндө» жарлыгына ылайык түзүлгөн. Аталган жарлыкка ылайык окуу жай адегенде Жалал-Абад Коммерциялык институту деп аталган. Окуу жай Жалал-Абад Кооперативдик техникумунун (1966-ж.) жана Жалал-Абад Кооперативдик училищесинин (1959-ж.) негизинде түзүлгөн. 

Ошол эле 1993-жылы Түркия Республикасынын «Türk Dünyası» аттуу түрк тилдүү мамлекеттерди изилдөө фондунун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз керек-жарак коомдор биримдигинин, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын ортосундагы төрт тараптуу келишимдин негизинде институттун курамында Кыргыз-Түрк менеджмент факультети ачылат. Аталган факультет кийин Эл аралык Кыргыз-Түрк институту деп өзгөртүлөт.

Окуу жай 1997-жылы “Экономика”, “Менеджмент”, “Коммерция” багыттары боюнча бакалавр квалификациялык-академиялык даражасында алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. Андан бери окуу жайды 11 миңден ашык бүтүрүүчү аяктоодо (2015-2016-окуу жылын эске алганда).

Кыргыз кооперативдер биримдигинин жалпы чогулушунун (окуу жайдын негиздөөчүсү, мурунку Кыргыз керек-жарак коомдор биримдиги) 2005-жылдын 16-июлундагы №4 токтому менен институт Экономика жана ишкердик академиясы деп аталат. Андан көп узабай КР Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын 2005-жылдын 4-ноябрындагы №7/3 чечими менен окуу жайдын макамы жогорулап, Экономика жана ишкердик университети (ЭИУ) деп аталат.
 

Кыргызкоопсоюздун 2017-жылдын 4-апрелиндеги №2 "Кыргызкоопсоюздун Экономика жана ишкердик университетинин өзгөртүү боюнча" токтомунун негизинде "Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университет" окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси болуп кайра түзүлгөн.

Артыкчылыктар

  • Жатакана
  • Медпункт
  • Спортзал
  • Маданий жана билим берүү борборлору
  • Студенттик ашкана
  • Ноутбук (компьютер)
  • Стадион
  • Жайкы волейбол аянтчасы
  • Клиника
  • Жыйындар залы
  • Китепкана
  • Образовательный научно-инновационный центр
  • Электрондук китепкана
  • Банкет залы
  • Дистанттык окутуу жана кайра даярдоо борбору
  • Юридическая клиника
  • Криминалистикалык полигон
  • Бүтүрүүчүлөр менен байланышуу борбору
  • Шахмат, тогуз коргоол кабинети
  • Чет элдик студенттер менен иштөө борбору
  • Спортивный городок с полосой препятствий
  • Сейил бак
  • Автоунааны оңдоону үйрөтүү борбору
  • Карьера борбору
  • Тестирлөө борбору
  • Карьера, практика жана маркетинг борбору

Дареги

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети Жалал-Абад