Международный Институт Кейин

Кант

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

Чет-мамлекеттик студенттер

Кызматкерлердин саны

Университет тууралуу

Кейин Интернейшнл Институту жогорку сапаттагы билим берүүнү жана Ысык-Ата районунан, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген, келечекте өзүлөрү тандап алган багыттарга өзгөрүүлөрдү киргизүүгө дилгир лидер жаштарды тарбиялоону максат кылып алган. 2012-жылы, Кейин Кыргызстандагы 30 абитуриентке үч багытты жана жети курсту сунуштоо менен өз ишмердүүлүгүн баштаган.

2016-жылдан бери Кейин үч программаны ишке ашырып келет: 4-жылдык Бакалавр программасы, 3-жылдык колледж жана 1-жылдык колледжге даярдоо программасы.

2017-жылы күзгү семестрден баштап, Кейин жаӊычыл, дүйнөлүк деӊгээлдеги төрт жылдык бакалавр программасын бизнести башкаруу, чет тилдер жана компьютердик технология багыттары боюнча сунуштайт.

 

Кейиндин профессордук курамы Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы жаштардын билиминин деӊгээлин билим берүү жана илимий изилдөө аркылуу жогорулатууга умтулат. Дилгир, 21-кылымда Орто Азия өлкөлөрүндөгү маселелерди талдоого кызыккан студенттер үчүн Кейин ар түрдүү практикалык, окутуучулук программаларды, Кейин кызматташтыкта иш алып барган өнөктөштөр менен бирдикте студенттерге чет өлкөдө окуу жана тажрыйба алмашуу программаларын сунуштайт. Андан сырткары, Кейин бакалавр жана колледж программаларында окуган студенттер үчүн 50%дан ашык каржылык жардам көрсөтөт.

2017-жылы, Кейинден тандалып алынган студенттер LEAD жана I-LEAP программаларынын алкагында АКШдагы Миссури Университетине 16-жумалык программага чакыруу алышып, аларга Университеттин Азия иштери боюнча борбору толук каржылык колдоо көрсөттү. Ошондой эле, Кейин дүйнөлүк өнөктөштөр менен биргеликте университеттин накта дүйнөлүк деӊгээлдеги билим берүүнү көздөгөн максаттарын ишке ашырууга өбөлгө түзө турган, билим берүүгө жана лидерликти өнүктүрүүгө багытталган программаларды иштеп чыгууну уланта берет.

 

Кейин 2012-жылы түптөлүп, Кыргызстандагы алдыӊкы жогорку билим берүү институттарынын бирикатары өнүгүп келет.

Артыкчылыктар

  • Жатакана
  • Студенттик ашкана
  • Китепкана

Дареги