Борбордук Азия университети

Нарын

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

221

Чет-мамлекеттик студенттер

40

Кызматкерлердин саны

36 профессоров, 90% преподавательского состава имеют научную степень PhD (доктор наук). На 1 профессора приходится 9 студентов.

Жатаканадагы орундар

298

Бюджеттик орундар

Сильным студентам из Таджикистана, Кыргызстана и Казахстана на конкурсной основе присуждаются полные гранты. Учитываются выдающиеся успехи на вступительных тестах, 1-е места на нац. олимпиадах по математике и английскому языку, и Золотой сертификат

Келишимдин орточо наркы

98002

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

189,8

Университет тууралуу

Борбордук Азия Университети 2000-жылы негизделген. Бул диний эмес жеке менчик университетти уюштуруу жөнүндө Эл аралык келишимге жана анын Уставына Тажикстандын, Кыргыз Республикасынын, Казакстандын Президенттери жана Уллу урматтуу Ага Хан тарабынан кол коюлган. Аталган документтер үч республиканын парламенттери тарабынан ратификацияланып, Бириккен улуттар уюмунда катталган. Үч өлкөнүн президенттери БАУнун коргоочулары, жана Улуу урматтуу Ага Хан анын ардактуу ректору болуп эсептелет.

БАУнун максаты - Борбордук Азияда эл аралык деңгээлдеги жогорку билим берүү жана инновациялык идеялары жергиликтүү коомчулуктарга жардам көрсөтүп, региондун өнүгүүсүнө иштиктүү салым кошо турган лидерлик сапаттарга ээ адистерди даярдоо. 

БАУнун миссиясы - Борбордук Азиянын, анын ичинде тоолук коомдоштуктардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо, ошондой эле аймактын калкына алардын бай маданий мурастарын болочок муун үчүн сактап, андан ары өнүктүрүү максатында көмөктөшүү болуп саналат.

БАУ беш жылдык бакалавриат программасын сунуштайт, ал ыкчам даярдыктан өткөрүү программасынан башталып, анын аягында студенттер Борбордук Азия аймагынын актуалдуу көйгөйлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан адистиктер боюнча негизги төрт жылдык билим алууга өтүшөт. 

Эл аралык стандарттарга жооп берген окутуу программасын иштеп чыгуу үчүн БАУ өнөктөш жогорку окуу жайларын жана өнөржай ишканаларын чакырган. Ошону менен бирге, БАУнун окутуу программасы региондун өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн. БАУнун теориялык жана практикалык курстарын иштеп чыгууга ар түрдүү өлкөлөрдүн  илимий изилдөө институттары иштиктүү салымдарын кошту. Университет сунуштаган алты негизги багыттарын иштеп чыгууга дүйнө жөзө боюнча алдыңкы жеке менчик ишканалар дагы изилдөө, билим берүү жана кеңештик кызматтары аркылуу салымдарын кошту. 

Илимий иш үчүн жана Билим Берүү өнөктөштөр:

  • Сенека Колледж (Канада) Дардоо программасы
  • Сиднейдин Технологиялык Университети (Австралия) Коммуникациялар жана ЖМК
  • Торонто Университети (Канада) Компьютердик илим
  • Британиялык Колумбия Университети (Канада) Жер жана айлана-чөйрө жөнүндө илимдер
  • Экономиканын жогорку мектеби Изилдөө институту (РФ) Экономика
  • Стокгольм Экономика мектеби (Латвия) Экономика
  • Виктория Университети (Канада) Акы Төлөнгөн стажировка программасы

Эмнеге БАУну тандоо керек?

ДҮЙНӨЛҮК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ОКУТУУ ПРОГРАММАСЫ

• Этика жана коомчулуктун катышуусуна өзгөчө көңүл бурган, бир катар дисциплиналар алкагында критикалык ой жүгүртүүгө, изилдөө ыкмаларына, сандык талдоого, жазууга басым жасаган окутуу программасы

• Гуманитардык жана так илимдердин технологиялар менен уникалдуу айкалышы

• Турмуштагы маселелерди чечүүгө багытталган илимий концепцияларды колдонгон долбоорлорго катышуу аркылуу практикалык билим берүү

• Практикалык маселелерди чечүү жөндөмдөрүн бекитүү мүмкүнчүлүгүн берген айкын жагдайларды талдоо аркылуу окутуу

• Айкын мансаптык даражаларга багытталган, алдыңкы университеттер менен биргеликте иштелип чыккан окутуу программасы

• Профессионалдык сертификациялоо боюнча эл аралык уюмдардын талабын эске алуу менен иштелип чыккан программалар

• Борбордук Азиянын эмгек рыногунун учурдагы жана келечектеги талаптарына жооп берген адистештирүү багыттары

ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

• Регионалдык маселелерге тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана алдыңкы университеттерден PhD даражасын алган мугалимдер

• Англис тил чөйрөсүнө сүңгүп, кийин бул тилде эркин сүйлөөгө жол ачкан программаларды колдонуу менен окутуу

• Борбордук Азиядагы университеттердин арасынан профессордукокутуучулук курам менен студенттердин санынын эң аз катнашы (1:9)

ЖАРКЫН СТУДЕНТТИК ЖАШОО

• Студенттердин жашап билим алуусу үчүн заманбап кампуста бардык шарттар түзүлгөн

• БАУнун үч кампусунда тең окуу корпустары жана жатаканалары жогорку талаптарга ылайык курулган

• Социалдык жана илимий ийримдерге катышуу мүмкүнчүлүгү

• Чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүгү

• Көркөм табият чөйрөсүндө маданий, спорттук жана социалдык ишчаралар

• Кураторлор жана илимий жетекчилер студенттерге окуу жана жеке маселелер боюнча жардам көрсөтүүгө даяр

ЖУМУШКА ДАЯРДОО

• Иш тажрыйбасы менен камсыз кылуу максатында жай мезгилдеринде алдыңкы ишканаларда эмгек акысы төлөнгөн стаж өтүү

• БАУда окуу мөөнөтү бою мансаптык пландаштыруу боюнча колдоо жана устаттык жардам

• Демилгелүү лидерлерди даярдоо үчүн этикалык принциптерге жана ишкердүүлүккө өзгөчө басым

• Англис тилиндеги сапаттуу окутуу болочок адистерди региондук жана дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка жарактуулугун камсыз кылат

ЗАМАНБАП ИНФРАСТРУКТУРА

  • Заманбап аудиториялар жана лабораториялар

• Алдыңкы маалымат технологиялары жана кампустун аймагында Интернетке зымсыз туташуу мүмкүнчүлүгү

• Ар бир студенттин жеке мейкиндигин камсыз кылган кенен жатакана бөлмөлөрү

• Ири окуу жана спорттук имараттар, эс алуу жана көңүл ачуу жайлары

• Эл аралык адабият жана маалымат базасына туташкан бай китепкана

• Кампустун корпустарынын арасында жабылган коопсуз өтмөктөр

• Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн ыңгайлуу инфраструктура Дитрих Шмидт-Фогт, БАУнун

Артыкчылыктар

  • Жатакана
  • Заманбап инфраструктура
  • Спортзал
  • Медицинская страховка
  • Студенттик ашкана
  • Теннис корту
  • Стадион
  • Оюн аянтчасы
  • Китепкана
  • Электрондук китепкана
  • Футбол талаасы
  • Фитнес-зал
  • Карьера борбору
  • Медпункт
  • Акы төлөнгөн стажировка программасы
  • Кампустун айланасында жашоо
  • Полные стипендии и гранты
  • Дүйнөлүк деңгээлдеги окутуу программасы
  • 5-мал тамак
  • Ноутбук (компьютер)

Дареги