Борбордук Азиядагы Америка университети

Бишкек

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

1358

Чет-мамлекеттик студенттер

354

Кызматкерлердин саны

238

Жатаканадагы орундар

144

Келишимдин орточо наркы

6700

Орточо ЖРТ балл (негизги тест)

174

Университет тууралуу

Борбор Азиядагы Америка Университети Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын бири

 

Борбор Азиядагы Америка Университетинин тарыхы 1993-жылдан башталат. Дал ошол жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин алдында Кыргыз-америкалык факультети (КАФ) түптөлгөн. Ал эми 1997-жылы КРнын Президентинин Жарлыгына ылайык КАФ Кыргызстандагы Америка университети (АУК) болуп кайра түзүлгөн. Жаңы окуу жайды башкаруу үчүн көз карандысыз, интернационалдык Кам көрүүчүлөр Кеңеши да уюшулган. 2002-жылы универститеттин Кам көрүүчүлөр Кеңеши окуу жайдын аймактык маанисин чагылдыруу максатында аталышын Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ) деп өзгөртүү чечимин кабыл алган.

Бүгүнкү күндө БААУ дүйнөлүк ЖОЖдордун QS Эл аралык рейтингине кирген Кыргызстандын жалгыз окуу жайы болуп саналат.

Окуу жайдын окутуу планына даярдоочу программа (Жаңы муун академиясы), 14 бакалавр жана 9 магистрдик программа кирет.

Мындан тышкары америкалык университет орто мектептердин 9-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө уникалдуу 3 жылдык билим берүү программасын сунуштайт. 2 диплом (Кыргызстан жана Швейцария) берген БААУнун Инновациялык колледжи 8 инновациялык багыт боюнча студенттерди даярдоону ишке ашырат. Ар бир багыт эмгек рыногунда болуп жаткан трансформацияларды эске алат жана болочок өзгөрүүлөрдү да болжолдоп, ага даярдайт. Колледждин студенттерине билим берүүдө басым сын көз карашта ой жүгүртүү, IT-технологиялар, математика жана англис тилине жасалат. Бул жерде окутуу эркин жана сын көз караштык билим берүүнүн америкалык салттарына ылайык жүргүзүлөт. БААУнун Инновациялык колледжи тууралуу кенен маалыматты бул жерден көрүп алсаңыз болот: https://tsi.auca.kg/.  

БААУ – Бард колледж менен өнөктөштүктө АКШнын аккредитацияланган даражаларын ыйгарган Борбор Азиядагы биринчи университет. Бард колледжи менен катар БААУ дүйнөнүн көптөгөн ЖОЖдору жана уюмдары менен кызматташат.

Белгилей кетчү нерсе, 2018-жылдын жыйынтыгында Алтын сертификаттын 20 ээси БААУга окууга ийгиликтүү өтүп, бекер билим алышууда. Ошондой эле 2017инчи жана 2018-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган Айлин Албанова жана Абай Жанузаков БААУга окууга кабыл алынышкан. Алар менен маекти төмөнкү шилетемелер аркылуу көрүп алсаңыздар болот:

https://www.youtube.com/watch?v=0vjoaiy5wW0

https://www.youtube.com/watch?v=Je3ur_NwMuY

БААУнун студенттерине окутуунун бардык курстарында ар тараптуу колдоо көргөзүлөт. Алсак, БААУда Кат жана академиялык ресурстар Борбору аталышындагы ички университеттик репетитордук борбор иш алып барат. Анын максаты – студенттердин академиялык туура жазуу чеберчилиги, математика, экономика, программалоо, бухгалтердик эсеп жана англис тили боюнча окутуу пландарын ийгиликтүү өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтүү. Сабактар аталган Борбордо жана онлайн түрүндө өткөрүлөт.

Бул Борбор профессордук-окутуучулар курамы менен тыгыз иштешип, БААУнун студенттерине 1700 репетитордук сааттарды сунуштайт. Сааттарды жогорку курстун алдыңкы студенттери өтүшөт. Борбордун эшиги студенттер үчүн 6 күн бою дүйшөмбүдөн ишембиге чейин ар дайым ачык.

Мындан тышкары студенттер үчүн Академиялык кураторчулук Борбору, Бирдиктүү тейлөө Борбору жана башка кызматтар көмөк көрсөтүүгө даяр.

БААУнун китепканасы Кыргызстан боюнча китептер жана электрондук басылмалардын эң чоң коллекциясын камтыйт.

БААУнун аймактагы башка окуу жайлардан дагы бир өзгөчөлүгү болуп студенттер үчүн окуудан тышкаркы ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгү саналат. Студенттик театр, бий ийрими, жаш ишкерлердин клубу жана бир катар спорттук клубдардан тышкары Студенттик кеңсе студенттерге өз кызыкчылыктарына жараша клубдарды түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул өз кезегинде жалпы университеттик коомчулук сыймыктанчу “БААУнун өзгөчө рухун” жаратууга өбөлгө болмокчу.

БААУ өз жатаканасына ээ. Ал окуу кампусу, азык-түлүк дүкөндөр, соода борборлору, көңүл ачуучу жайлар, дарыкана, кинотеатр, фитнес-клуб, почта бөлүмү жана башка зарыл жайларга жакын жайгашкан. Жатаканада 24/7 системасы боюнча иштеген кароол кызматы, жеке ашкана жана санитардык түйүн, эс алуучу жана компьютердик зал, кир жуучу жайлар менен жабдылган ыңгайлуу бөлмөлөр бар. Күнүмдүк маселелер боюнча активдүү студенттердин ичинен тандалган ар бир кабаттын старосталарына (RAs) кайрылса болот. 

Жатаканада өткөрүлгөн иш-чаралардын видеосун бул жерден көрүп алсаңыздар болот:

https://www.youtube.com/watch?v=y3Vddt15tA0

БААУнун кампусу – өзүнчө бир укмуш курулуш. 2017-жылы анын долбоорун түзгөн архитектуралык агенттик “Инновациялык пландаштыруу жана кампустун динамикалык интерьери үчүн” American School & University журналынын абройлуу Louis I. Kahn Citation сыйлыгына татыган.

Кампустун бардык аймагы туруктуу жана жогорку ылдамдыктагы Wi-Fi менен жабдылган.

Албетте БААУ өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. Алар менен байланышта болуп туруу үчүн окуу жайдын базасында Бүтүрүүчүлөр менен байланышуу Кеңсеси активдүү иш алып барат.

Билим берүү өлкөнү өнүктүрөт. Биз өзгөрүүнү каалагандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз.

Артыкчылыктар

  • Жатакана
  • Бирдиктүү тейлөө борбору
  • Спортзал
  • «Жаңы муун академиясы»
  • Студенттик ашкана
  • БААУнун Инновациялык колледжи
  • Китепкана
  • Электрондук китепкана
  • Футбол талаасы
  • Фитнес-зал
  • Карьера борбору
  • Медпункт
  • Культурно-образовательные центры
  • Центр письма и академических ресурсов
  • Жарандык активдүүлүк борбору
  • Бүтүрүүчүлөр менен байланышуу борбору
  • Чет элдик студенттер менен иштөө борбору
  • Стунденттдердин окуудан тышкаркы иш-чаралар борбору
  • Консультация берүү кызматы

Дареги

Борбордук Азиядагы Америка университети Бишкек

Социалдык тармактар