Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети

Бишкек

Статистикалык маалыматтар

Студенттердин саны

Чет-мамлекеттик студенттер

Кызматкерлердин саны

Университет тууралуу

Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети - аралыктан окутуу технологияларынын пайдаланып студенттерге күндүзгү жана сырттан окутуу үлгүлөрүндө билим берген, жана ошону менен катар юриспруденция менен башка билим тармактарындагы маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү ийгиликтүү жүзүгө ашырып жаткан, адистештирилген илимий инновациялык билим берүү комплекси болуп эсептелинет. КГЮАда жогорку кесиптик билим берүү көп деңгээлдүү система менен ишке ашырылат. Адистерди даярдоо билим берүүнүн үч базалык траекториясы боюнча жүргүзүлөт:

• бакалавр жана адистик программалары;

• магистратура программалары.

Университеттин башкы корпусунда «Курманжан Датка», «Ч. Айтматов», «Манас», Диссертациялык кеңеш» кабинеттерди, «Чоң конференция» залы, «К. Курманов атындагы музей-кабинет», «Конфуций классы», «Соттук отурум залы», «Кыргыз Республикасындагы юридикалык билимди өркүндөтүү галереясы», «Академик С. Сартаев атындагы кабинет» сыяктуу заманбап үлгүдөгү технологиялар, жабдуулар, материалдар жана эмеректер менен жасалганган кабинеттер бар. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы эки тараптуу, көп тараптуу жана узак мөөнөттүү эл аралык долбоорлордун алкагында иш алып баруу менен, эл аралык мамилерди активдүү өнүктүрүүдө. Россия, Кытай, Казахстан, АКШ, Азербайджан, Германия, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен кызматташтык жөнгө салынып, келишимдер кабыл алынан. КГЮА Улуу хартияга 2011- жылы Болонья шаарында кол койгон. Андагы маанилүү багыт болуп USAID менен кызматташуу эсептелинет. Академия, «Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү укук жана сот реформаларын колдоо» программасынын негизинде Эл аралык кызматташуу боюнча Германиянын GIZ коому, Американын юристтер ассоциациясы, «Сорос» фондусу менен ийгиликтүү жана натыйжалуу кызматташып келет. 2013-жылдан бери «Орто Азиянын ЖОЖдорундагы E-learning сапатындагыменеджмент системасын иштеп чыгуу жана киргизүү» боюнча «Темпус» долбоорунун ишке ашырып келет. КМЮА түздүлгөндөн бери окуу процессин уюштуруу жана эс алуу убактыларын өткөрүүгө жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү багытында эбегейсиз зор иштер аткарылды. Имараттын маңдайы толугу менен жаңыртылып, корпуска жана айланасын курчаган аянттын бардыгына толугу менен светодиоддук жарык берүү, өрттөн коргоочу айгай (сигнализация), видеокөзөмөлдөр орнотулган. 2005-жылы КМЮАга Көк-Жар айылындагы имарат берилип, анын администрациялык имаратына капиталдык оңдоп-түзөтүү иштери жасалган. Аудиториялары жаңы эмерек жана жабдуулар менен жасалганган. Имаратта ашкана, мышыгуучу зал, Г. Гросс атындагы криминалисттик полигону, заманбап үлгүдөгү окуу залы менен китепкана, диссертациялык кеңеш залдары ачылган.

Артыкчылыктар

  • Спортзал
  • Юридическая клиника
  • Студенттик ашкана
  • Стадион
  • Клиника
  • Китепкана
  • Электрондук китепкана
  • Дистанттык окутуу жана кайра даярдоо борбору
  • Чет тилдерин окутуу борбору
  • Клиникалык базалар
  • Криминалистикалык полигон
  • Фитнес-зал
  • Шахмат, тогуз коргоол кабинети
  • Карьера борбору
  • Ден соолукту чындоо лагери (Ысык-Көл)
  • Заманбап инфраструктура
  • Жыйындар залы

Дареги

Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети Бишкек

Социалдык тармактар